• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

№27 түзөтүү абагында үч кызматкер коронавирус жуктуруп алды 

20 Бугу 2020 10:44 Бишкек Govori.TV

№27 түзөтүү колониясында дагы үч кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин байланышта болгон төрт кызматкерде чыккан, бүгүнкү күндө дагы үчөө табылды.

«Бардыгын тең лабораториялык жактан тастыкталды. Байланышта болгондор калып калбасын деп бүт текшерилип жаткан. Жаңы жуктуруп алгандар атайын дарылоого алынды. Байланышта болгондор дагы иликтенип жатат», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 73