27-январда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9 күндүз +3…+8,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3,
Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -5…-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -8…-13° болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12° суук, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° болот.