• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

27 жаштагы кыз кечээтен бери дайынсыз. Ала качты делгендер табыла элек

7 Чын куран 2021 11:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишкен. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 5-апрелде «102» кызматына Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз үч жигит жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Биринчи май райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу барып, 3 белгисиз адам 1994-жылы туулган К.А. аттуу жаранды «Хонда» автоунаасына салып, белгисиз тарапка кетишкендигин аныкташкан.

Аталган факт Биринчи май райондук ИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда кыздын жана белгисиз адамдардын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 91