Кыргызстанда 23-апрелге карата дагы 272 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учур:
— Бишкек шаарында 148 адам;
— Ош шаарында 6 адам;
— Чүй облусунда 86 адам;
— Ош облусунда 4 адам;
— Талас облусунда 2 адам;
— Нарын облусунда 3 адам;
— Ысык-Көл облусунда 18 адам;
— Жалал-Абад облусунда 4 адам;
— Баткен облусунда 1 адам.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 93 278 адам коронавирус менен катталды.