• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

28-апрелде күтүлгөн аба ырайы

27 Чын куран 2024 18:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-апрелде күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 16…18 градус болот.

Количество просмотров: 379