• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

28-майда Бишкектин бир катар аймактарында суу өчөт

26 Бугу 202610:27 Бишкек Govori.TV

28-майда саат 10:00дөн 00:00гө чейин турак жай имараттарында, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов проспекти – И. Ахунбаев көчөсү – Ш. Руставели көчөсү – А. Баатыр көчөсү – Джунусалиев көчөсү – Грибоедов көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Садырбаев көчөсү – Коперник көчөсү – Курчатов көчөсү – Ташауз көчөсү – Айни көчөсү.

Суу берүү Шота Руставели көчөсүндөгү Д= 300мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 119