• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

28-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

27 Бугу 201918:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

Эртең, 28-майда өлкө аймагында негизинен күн ачык болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32, Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21, Нарын облусунда болсо түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14 градус, күндүз 29…31 градус болот.

Количество просмотров: 17