• Шейшемби 28 Теке 2026
  • Вторник 28 Июль 2026

Акыйкатчы институту бир катар медреседе мыйзам бузуу аныкталганын билдирди

28 Теке 202611:56 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, 2025-жылы ислам дини боюнча окуткан 7 облустагы 21 медресеге иликтөө жүргүзүп, бир катар олуттуу мыйзам бузууларды аныктады.

Анда тарбиялануучулардын жашоо-шарттары, билим алуу процесси жана мекемелердин ишмердүүлүгү иликтенди.

Мониторингдин жыйынтыгында көпчүлүк медреселерде уставдык жана каттоо документтери жоктугу, окуу программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келбестиги, медициналык тейлөө, санитардык-гигиеналык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталбагандыгы белгилүү болду.

Медреселердин көпчүлүгү юридикалык документинде каттаган даректе иш алып барбайт, такыр башка даректе иш алып барат. Окуучулардан алынган төлөмдөр ачык-айкын эмес жана расмий келишимдер жок.

Көпчүлүк медреселер дин боюнча гана окутуп, мамлекеттик стандарттагы билимди балдар онлайн окушат.

“Мухаммед Амиин” медресеси мыйзамды бузуп, өспүрүмдү окууга кабыл алган.

Бул КРнын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна ылайык жогорку жана орто диний окуу жайларына орто же жалпы билим алгандан кийин кабыл алынат.

Жал айылындагы “Заман Шамы” мектебинде мониторинг учурунда ашпозчу жоктугунан окуучулар өздөрү убактылуу кезектешип тамак жасап жатышкан. Ошону менен катары эле аталган мектептин азык-түлүк сактоочу кампасы санитардык талаптарга жооп бербейт.

Анонимдүү сурамжылоонун жыйынтыгында окуучулардын көпчүлүгү мамлекеттик стандартка ылайык светтик билим алуу жеткиликтүү болбой жатканын, ошондой эле зордук-зомбулуктун алдын алуу жана тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуунун жол-жобосу тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришти.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулардын негизинде Акыйкатчы Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, Башкы прокуратурага, Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар сунуштарды жөнөттү.

Акыйкатчынын сунуштамасында медреселердин жана анда билим алып жаткан окуучулардын бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү, окуу программаларын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келтирүү, жашы жете элек балдардын светтик жана кесиптик билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, медреселердин ишмердүүлүгүнө туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдү күчөтүү сунушталды.

Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Акыйкатчы институтуна берген жообунда кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштер жүрүп жатканын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жазуу жүзүндө эскертүү берилгенин билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматында, Акыйкатчы институтунун сунуштамасынын негизинде 28 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, жыйынтыгында 9 кызмат адамы тартиптик жазага тартылды.

Жамиля Жаманбаева балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын так сактоонун маанилүүлүгүн белгилейт.

Количество просмотров: 12