• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

28 жаштагы келинди кошунасы балталап өлтүргөн

7 Тогуздун айы 202413:02 Бишкек Govori.TV


4-октябрда 24 жаштагы жигит 4 баланын энеси болгон кошуна келинди балта менен башка чаап өлтүргөн.

Бул факты боюнча укук коргоо кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгошту. 24 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Өлтүрүлгөн аялдын жакындары ал психикалык оорукчан деп табылгандан кийин бошотулушу мүмкүн деп чочулашууда. Бул тууралуу Ош ОИИБи билдирди.

«Жер талаштан улам коңшусунун 24 жаштагы уулу тынчыбай, балта менен коңшусунун короосуна кирип келген. Ал психикалык жактан оорулуу, ага эч ким көңүл бурган эмес. Бир убакта арт жактан тиги жигит келип келиндин мойнуна балта менен болгон күчү менен уруп жиберген. Анын башы кыйылып кеткен. Мунун баарын кайненеси көргөн», — дешет Жылалды айылынын тургундары.

28 жаштагы аялдын күйөөсү үйдөн чуркап чыгып, кол салган адамды токтоткон. Өлгөн келиндин артында төрт баласы калды, улуу кызы жети жашта, кичүүсү алты айлык.

Үрөйдү учурган бул кылмыш боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 552