• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сириядагы качкындар лагеринен 8 аял киши, 14 бала Кыргызстанга алынып келинди

19 Теке 202410:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлеринде жүргөн 22 кыргыз жараны Кыргызстанга алынып келинди. Алардын 8и аял киши жана 14ү балдар. Аларды мекенине кайтаруу АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен “Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында ишке ашты.

Февраль айында Кыргызстан “Айкөл 5” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириянын түндүк-чыгышындагы эки лагерден 99 жаранын алып келген. Алардын ичинен 28и аял жана 71и — балдар болгон.

Сириядан жана Ирактан келген аялдар менен балдарды реабилитациялоо Социалдык камсыздоо министрлигине жүктөлгөн. Кыргызстанга кайтып келгендер менен атайын борбордо эки-үч ай аралыгында психологдор, теологдор, социалдык жана медициналык кызматкерлер иштешет.

Теги:
Количество просмотров: 104