• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

285 630 нускада жаңы окуу китептери басылып чыкты

27 Жетинин айы 202410:28 Бишкек Govori.TV

Республикалык бюджеттин эсебинен дагы 5 аталыштагы окуу китептери жарык көрдү. Окуу китептери “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 285 630 нускада басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:

Русский язык, 7-кл. (авторлору: Н.П. Задорожная, Ч.М. Мусаева);

— Русский язык, 8-кл. (авторлору: Н.П. Задорожная, Г.С. Чепекова).

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:

— Кыргыз тили, 7-кл. (авторлору: А.А. Оморова, П.С. Осмонова, Т.Н. Абылкасымова, А.А. Узекеева);

— Кыргыз тили, 8-кл. (авторлору: А.А. Оморова, Т.И. Ботбаева, Г.К. Эшпаева);

— Русский язык, 7-кл. (авторлору: Л.М. Бреусенко, Т.А. Матохина).

Эске сала кетсек, 2024-жылы республикалык бюджеттен билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого 152 млн сом каралган. Бул каражаттын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата 428 960 нускада жаңы окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыккан. Мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоо максатында 2024-жылы республикалык бюджеттен 90 млн сом кошумча бөлүнгөн.

Количество просмотров: 103