• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

КММА: Ректорду шайлоо мурда белгиленгендей эле 29-майда өтөт

28 Бугу 2021 11:11 Бишкек Govori.TV

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо мурдагы план боюнча эле эртең, 29-майда өтөт. Бул тууралуу академиянын юридикалык болүмунун башчысы Темирбек Жуманалиев Говори.ТВга билдирди.

Анын айтымында, интернетте тарап жаткан буйрук аларга келип түшө элек.

«Бизге бул буйрук расмий түрдө келип түшө элек. Андыктан эртең шайлоо күнү болот. Мурда пландалгандай эле. Эгер буйрук бүгүн келип түшө турган болсо деле ал буйрук жараксыз деп эсептелинет. Биринчиден 27-майда 28-майдагы буйрукту каттоо мүмкүн эмес, бул бузуу болуп саналат. Мындан улам Билим берүү мыйзамдарына ылайык мурда белгиленген күнү, тагыраагы эртең ректорду шайлоо өтөт», — деди юрист.

Маалыматка ылайык, аталган кызматка төрт адам талапкер бар, алар: медицина илимдеринин доктору, профессор Зиябидин Айдаров, медицина илимдеринин доктору, профессор Индира Кудайбергенова, медицина илимдеринин доктору, профессор Эркин Алымбаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Жолдошбек Шаршенбиев.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте КММАнын ректорун шайлоо белгисиз мөөнөткө жылганы кабарланып, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кол койгон буйруктун сүрөтү тараган.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - 213114.jpeg

Белгилей кетсек, бул буйрук Шадыханов таратынан кечээ, 27-майда эле эртеңки күн менен кабыл алынганы талкуу жараткан эле. Мындай кадам менен ал шайлоону бузуу аракетин кылып жатат деген кептер айтылган.

Количество просмотров: 197