• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору алмашты

16 Аяк оона 202414:47 Бишкек Govori.TV

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Абдырахманов Толобек Абылович берген жеке арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ал эми президенттин дагы бир Жарлыгынын негизинде Догдурбек Чонтоев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.

Количество просмотров: 153