Эртең, 29-декабрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…+1 градус болот.