• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

29-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

29 Жалган куран 2018 10:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.03.2018.Govori.TV

29-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17 градуска чейин жогорулайт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…17°, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Источник: © Кыргызгидромет

Количество просмотров: 21