• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

29-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

28 Жалган куран 2021 15:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 29-мартта Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, абанын температурасы төмөндөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…+5;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +7….+12;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +4…+6 градус болот.

Количество просмотров: 222