Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 29-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоо этектериндеги райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +1…+6
күндүз +7…+12
Талас облусунда
түнкүсүн 0…+5
күндүз +8…+13
Баткен облусунда
түнкүсүн +3…+8
күндүз +12…+17
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +3…+8
күндүз +12…+17
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +1…+6
күндүз +10…+15
Нарын облусунда
түнкүсүн -1…-6
күндүз +9…+14
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6 градус, күндүз +10…+16 градуска жетет.