• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

3:1. Кыргызстан — Япония беттешинин биринчи бөлүгү аяктады

15 Кулжа 202117:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында Япониянын футболчулары менен күч сынашууда.

Оюн Япониянын Сюита шаарында өтүп жатат.

Буга чейин Бишкек шаарында өткөн биринчи оюнда япониялыктар Кыргызстандын курамасын 2:0 эсебинде утушкан.

Учурда Кыргызстан Япониядан кийинки 2-орунду ээлеп турат. Ал эми Япония буга чейинки бардык беттештерин жеңип, 21 упай топтогон.

Количество просмотров: 818