• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

3,7 млн сом зыян келтирилген. «Ала-Арча» мекемесинин ишмердүүлүгүндө коррупциялык фактылар аныкталды

19 Жалган куран 2021 17:17 Бишкек Govori.TV

«Ала-Арча» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүндө коррупциялык фактылар аныкталды, — деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК коррупциялык фактыларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүндөгү («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу») кылмыш белгилери боюнча Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасына караштуу «Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекеменин ишиндеги одоно мыйзам бузуулар аныкталды.

«Ала-Арча» КМЖП балансында турган бодо малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегендиги аныкталды.

Такталган маалымат боюнча, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 264