• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

3-апрелде күтүлгөн аба ырайы

2 Чын куран 2021 14:48 Бишкек Govori.TV

3-апрелде Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Башка аймактарда жаан жаабайт, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында үшүк жүрөт. Түштүк-чыгыштан тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүңдө түнкүсүн -3…-5, күндүз +10…+15,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад 0…+5, күндүз +13…+18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +3…+8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -2…-7°.

Бишкек шаарында түнкүсүн -3…-5, күндүз +13…+15°, жаан-чачын болбойт.

Количество просмотров: 102