• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

3-августа өлкөдө абанын температурасы 30 градустан ашат

2 Баш оона 2018 22:21 Бишкек Govori.TV
 Бишкек. 02.08.2018. Govori.TV.
Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу маалыматын Кыргызгидромет билдирди.
Анда, 3-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Аба-ырайы
Чүй өрөөнүндө:  Түнкүсүн 13…18,  Күндүз 25…30
Талас өрөөнүндө: Түнкүсүн 9…14,  Күндүз 24…29
Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары Дыйканчылык аймактарда: Түнкүсүн 16…21, Күндүз 29…34
Баткен областында: Түнкүсүн 16…21, Күндүз  29…34
Ысык-Көл областында: Түнкүсүн 9…14, Күндүз 20…25
Нарын областында: Түнкүсүн 5…10, Күндүз  21…26
Бишкек шаарында 3-августта түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/ .
Түнкүсүн 16…18, Күндүз  28…30 жогору болушу күтүлөт.
Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Түнкүсүн 18…20,  Күндүз 30…32 градус болушу күтулөт.
Количество просмотров: 17