• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

№3 балдар ооруканасында эскилиги жеткен терезе бейтаптар жаткан палатага кулап түштү

18 Үчтүн айы 2021 13:02 Бишкек Govori.TV

№3 шаардык балдар ооруканасынын форточкасы бейтаптар жаткан палатага кулап түштү. Бул тууралуу аталган ооруканада жаткан бейтаптардын бири видеосун социалдык тармактарга жүктөдү.

Интернет колдонуучу оорукананын мышык ыйлай турган абалына кейип, кокус палатада бейтаптар болгондо алар жабыркап калмак экенин жазган.

Бул боюнча аталган оорукананын башкы дарыгери Гүльнара Жанабилова SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирген.

«Ооруканада кечээ түн ичинде бейтап жаткан палатага форточка кулап кеткен окуя болду. Оорукана 1977-жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Эски чоң терезелер коюлган. Алардын үстүндө чоң форточкалар бар. Анда форточка бөлмөнү желдетүү үчүн ачылган экен. Андан соң форточканы бекемдей турган жабдык менен бекитпей коюшуптур. Кудай сактады, бизде баласы менен эне укол алуу үчүн палатадан чыгып кетиптир. Бала жок болчу. Бирок ал жерге кулап түшкөндө жанындагы палатада жаткан апалар дабышын угуптур. Кудай эле сактады баарыбызды, өзгөчө баланы. Андан соң дароо эле мык менен бекемдедик. Ал жерде жаткан бейтап балдардын апаларына форточканы ачпай туруу керек экендигин айттык. Оорукана оор эле абалда. Бул деген бир күндүн окуясы эмес. Бул деген 30 жылдын ичинде бир дагы оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес», — деп билдирген Гүльнара Жанабилова.

Количество просмотров: 142