Эртең, 3-июнда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн Нарын облусунун айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28 градус ысык болот.
Бишкекте түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус ысык болот.