Эртең, 3-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн 0…+2, күндүз +4…+6 градус.