Бүгүн, 25-апрелде саат 10:00гө карата өлкөдө коронавирусту 3 медицина кызматкери жуктурду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө илдетке кабылган медицина тармагынын кызматкерлеринин саны 175ке жетти.
«Коронавирус аныкталган медицина кызматкерлеринин баары Бишкек шаарында катталды»,-деди министр.