Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаарында– 1, Ош облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 медкызматкер илдет жуктурду. Ошол эле учурда бир суткада үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3 миң 605 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 309медкызматкер сакайды.