• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

3-октябрда күтүлгөн аба ырайы

2 Тогуздун айы 2023 14:30 Бишкек Govori.TV

3-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүзгү температурасы 21…23 градус болот.

Количество просмотров: 364