• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

3-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

2 Аяк оона 2021 14:40 Бишкек Govori.TV

3-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градуска чейин жогорулайт.

Количество просмотров: 117