• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

3-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

30 Бештин айы 2020 18:01 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында 30-декабрдан 3-январга чейин күтүлгөн аба ырайынын болжолун билдирди.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз, 2-январда жана 3-январда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

31-декабрда жана 1-январда кээ бир райондордо туман түшөт.

Жолдор тоң, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда, 1-2-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-январда күндүз жана 3-январда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-3-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондорго туман түшүшү мүмкүн.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз, 2-январда жана 3-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн.

3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз Каракол шаарында бир аз кар жаашы мүмкүн. Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

2-январда жана 3-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

3-январда күндүз жаан-чачын болбойт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-3-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоң, тайгак болот.

4-5-январда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайынын болжолу

4-5-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Количество просмотров: 81