30-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…-10, күндүз -2…+3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -27…-32, күндүз -10…-15 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 күндүз -1…-3 градус болот.