Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 30-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңгок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…4,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-4, күндүз 8…10,
Нарын жергесинде түнкүсүн -18…-20, күндүз -4…-6,
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Түнкүсүн -2…-4, күндүз 6…8° жылуу болот.