• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

30-майдан тарта катталса болот. 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылууда

29 Бугу 202516:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 142 мектепте 2025-2026-окуу жылына карата 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, эртең 30-майда саат 09:00дөн тарта ата-энелер балдарын мектептерге каттай алат.

«Бул кошумча орундар мектептик билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана ата-энелер менен мыйзамдуу өкүлдөрдүн суроо-талаптарын канааттандыруу максатында берилет», — деп белгилешти министрликтен.

Количество просмотров: 228