• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

30 жаштагы киши окуучу кызга сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү үчүн айылдаштары тарабынан сабалды

7 Бугу 201917:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 30 жаштагы тургуну 6-класстын окуучусуна сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү үчүн айылдаштары тарабынан ур-токмокко алынган. Бул маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктады.

Окуя 3-май күнү катталып, кылмыш жаза кодексинин негизинде сотко чейинки өндүрүш уланууда. Ал эми 1988-жылы туулган жаран учурда сабалып, ооруканада жатканы белгилүү болду.

Аталган жарандын айылдаштарынын айтуусуна караганда, ал буга чейин соттолбогонун жана акыл-эси жайында эместиги айтылууда.


Количество просмотров: 24