• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

30 жылдан кийин өлкөнүн башкаруусуна өткөн «Кумтөрдүн» азыркы абалы

31 Бугу 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

Кыргыз өкмөтү жана «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барды. Анда жок болуп бараткан мөңгү, келечеги кооптуу уу зат таштандылары жана Centerra өчүрүп салган маалыматтык системалардын калыбына келтирилиши жөнүндө сөз болду.

«Кумтөрдөгү» эң талылуу маселелердин бири – уу зат калдыктарын сактоочу жай. Кен казуу токтогон маалда уу зат калдыктарын сактоочу эң ири жайга айланган бул жердин аянты 400 гектардын тегерегинде. Дал ушул жайда 106 тонна алтын жатат.

Ишкананын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Усеновдун айтымында, бүгүнкү күндө фабрика менен карьерде иштегендерди кошкондо жалпысынан 3500 киши эмгектенет. Алардын жүз пайызы кыргыз жараны.

Фабриканын бүгүнкү жагдайы мына ушундай. Өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу билдиргендей, «Кумтөр» кенинде алтын өндүрүү жана сатуу мурдагыдай процедура менен жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр» кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө келтирилген зыяндар үчүн 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тыштан башкарууну киргизүү тууралуу токтом кабыл алынып, министрлер кабинети Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу кылып дайындап, Кыргызстан «Кумтөрдү» башкарууну убактылуу колуна алган чагы.

Количество просмотров: 594