• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

300 байкер Манас айтуунун коштоосунда шаар кыдырат

15 Чын куран 2024 11:14 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте 300 байкер заманбап аранжировкадагы Манас айтуунун коштоосунда шаар кыдырат. бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 27-апрелде борбордук «Ала-Тоо» аянтында саат 15.00дөн 16.30га чейин болуп өтөт. “Ала-Тоо” борбордук аянтында “Билим Айтыш” долбоорунун жаш манасчылары Манастан баян айтып, салтанатты ачып берет.

«Кыргызстанда 2024 мотосезонунун ачылышы “Айкөл Манас! Күч бирдикте” урааны астында өтөт. Кызыктуу этно оюндар, мелдештер уюштурулуп, кыргыздын темир тулпарчан көк жалдары каалоочуларды тулпарларында ойнотот»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2 чакырымга созулган мотожүрүш Аалы Токомбаев көчөсү, Абсамат Масалиев проспектиси (Жүрүш Түштүк магистраль), Чыңгыз Айтматов, Манас, Чүй проспектилери жана 7-Апрель көчөсүнөн өтөт.

Количество просмотров: 170