• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

300 дөн ашуун этникалык кыргыз Кыргызстан жарандыгын алышты

22 Жетинин айы 2018 9:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.11.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөгөн адамдардын саны 331. Анын ичинен 286сы чоң адамдар жана 45и балдар. Алардын баардыгы тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Ошондой эле, 364 адам, анын ичинен 305и чоң адамдар жана 59у балдар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды.
Количество просмотров: 35