• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

300 литр күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

29 Теке 2019 16:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

«Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 28-июль күнү, 300 литр күйүүчү майды алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкерлери Казакстандан келаткан «Лада» үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүгө алган учурда, багаждын ичинен 300 литр күйүүчү май чыккан. Ал эми унаанын айдоочусунда товарды коштогон тиешелүү документтер болгон эмес.

Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, унаанын айдоочусу жүгү менен кошо Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 19