2-майга карата коронавирус дагы 308 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкекте – 203;
Ош шаарында – 6;
Чүй облусунда – 62; Ош облусунда – 3;
Талас облусунда – 5;
Ысык-Көл облусунда – 18;
Нарын облусунда – 9;
Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 258 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Айыккандар:
Бишкекте – 142;
Ош шаарында – 4;
Чүй облусунда – 85;
Ош облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 23;
Баткен облусунда – 1 адам сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 2 жана Ош облусунда – 1 бейтап каза болду. Жалпы каза болгондор – 1 миң 619 адамга жетти.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 96 миң 60 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 719 киши айыгып чыкса, 1 миң 612 адам каза болду.