» 31-августта Ала-Тоо» аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанат өтүп, бирок ага эл чакырылбайт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, республикадагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам иш-чара онлайн түрүндө 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт.
«Эл топтолуп, көңүл ачуулар болбойт, концерт уюштурулбайт. Иш-чара республикалык телеканал аркылуу көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, кечинде Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына карата саат 22:00дө майрамдык салют атылат.