• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

31-декабрда күтүлгөн аба ырайы

30 Бештин айы 202414:48 Бишкек Govori.TV

31-декабрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6.

Бишкек шаарында түнү жана күндүз кар жаайт.

Количество просмотров: 685