Эртең, 31-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30.
Бишкек шаарында түнкүсүн 21…23, күндүзгү жогорку температурасы 35…37 градус болот.