• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

31 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилди

21 Баш оона 202017:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан чет элдик жарандардын кирүүсүнө уруксат берүү үчүн коронавирус инфекциясынын жайлышынын төмөндөшү жана эпидемиологияк абалдын турукташы байкалган мамлекеттердин тизмесин түздү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар: Орусия, Грузия, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Белгия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Ирландия, Исландия, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Швейцария, Швеция, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Пакистан, Словения, Кувейт жана Жапония.

Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясына байланыштуу өлкөдө аба каттамдары токтоп, чек аралар жабылган болчу. 

Количество просмотров: 367