Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Депутаттардын суроолоруна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров баштаган жетекчилер жооп беришти.
Мыйзам долбоорлору кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталган.
Анын ичинен, долбоорлор менен эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин тартибин жөнөкөйлүштүрүү; Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрамдардын жана жумуш эмес майрамдардын санын кыскартуу; жаңы жылдык жана май каникулдарын белгилөө; дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө.