Эртең, 31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Башка аймактарда чаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +2…+7
күндүз +18…+23
Талас облусунда
түнкүсүн +1…+6
күндүз +18…+23
Баткен облусунда
түнкүсүн +5…+10
күндүз +19…+24
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн+5…+10
күндүз +19…+24
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн-2…+3
күндүз +10…+15
Нарын облусунда
түнкүсүн -3…+2
күндүз +10…+15
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5 градус, күндүз +21…+23 градус болот.
Чолпон-Атада жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +10…+12 градус болот.