Эртең, 31-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын болбойт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Тоолуу аймактардагы унаа жолдор тоңголок, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн 0…+5
күндүз +4…+9
Талас облусунда
түнкүсүн -4…+1
күндүз +3…+8
Баткен облусунда
түнкүсүн 0…+5
күндүз +7…+12
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн 0…+5
күндүз +7…+12
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -4…-9
күндүз +1…+6
Нарын облусунда
түнкүсүн -6…-11
күндүз -1…+4
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +6…+8 градус болот.