• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

31-мартта Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды

1 Чын куран 2021 9:59 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 31-мартта Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-мартта саат 12:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, Тогуз-Булак, Сары-Күңгөй айылдарында жана Алай районунун Кара-Жыгач, Кең-Жылга айылдарында күчү 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 22:25те Кыргызстан жана Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү жана Бөжөй айылдарында күчү 3 баллга чейин, Кызыл-Коргон, Советский айылдарында күчү 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 86