Эртең, 31-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,
Бишкек шаарында түнкүсүн 1…3, күндүз 12…14°.