Бүгүн, 19-декабрга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 32 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында – 20,
— Жалал-Абад облусунда – 7,
— Баткен облусунда – 3,
— Чүй облусунда – 1,
— Ош облусунда – 1.
Акыркы суткада 2 бейтап көз жумду.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 184 миң 195 адам коронавирус менен катталган.