• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

324 таңгак чөп жүктөп бара жаткан камаз өрттөнүп кетти

31 Теке 2019 17:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.07.2019.Govori.TV.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө чөп жүктөп бара жаткан «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп жаткан видео тараган. Бул маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облустук бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кырсык Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Жоон-Күнгөй айылында июль айынын ортосунда катталган. 324 таңгак чөп жүктөп бара жаткан унаа жолдон электр зымдарына тийип, кыска чыңалуудан улам өрт чыгып, жыйынтыгында унаа жүктөлгөн чөбү менен кошо күйүп кеткен.

https://www.instagram.com/p/B0ax9T2BWxo/

Ал эми өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 17:06 чамасында келип түшүп, өрт өчүрүүгө ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн №59 өрткө каршы-куткаруу бөлүмү тартылган.

Количество просмотров: 36