• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

340 миң сомдук контрабандалык жүк кармалды

26 Бугу 2021 13:14 Бишкек Govori.TV

Баткендеги Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери 25-майда Өзбекстандын Чоңгара анклавынан тиешелүү документи жок айыл чарба товарларын мыйзамсыз Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган жүк ташуучу унааны кармады.

УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, аталган унааны 33 жаштагы А.Н. аттуу кыргызстандык башкарып келе жаткан.

Ал эми 26-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы ФУМ-5 аймагында чек ара кызматкерлери Ford-Transit, Hyundai-Porter унаасын жана 4 кыргызстандыкты кармашкан. Алар күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет көрүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, кармалган жүктөрдүн суммасы 340 миң сомду түздү.

Документтер каттоодон өткөндөн кийин кармалган жарандар жана жүктөр тиешелүү органдарга кийинки териштирүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 664